Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата иш чара
Осмон Айбашов атындагы орто мектебинде 8-январдан 20-январга чейин Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата бир айлык иш чаралар откорулду.
Класс жетекчилер тарабынан К.Карасаевдин 120 жылдыгына карата ар бир класста тарбиялык сааттар откорулду.
Кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан К.Карасаевдин накыл кептерин жайылтуу максатында залдарга лозунгдар илинди. «К.Карасаевдин омур жолу» деген темада 5-8-класстарда жат жазуулар алынып, 9-11-класстарда «Омуру орнок адам» деген темада эсселер жазылды. 20-январда кыргыз адабий китептеринин коргозмосу уюштурулуп, К.Карасаевдин 120 жылдыгы жыйынтыкталды.
Комментарии