Мектепте окуу залы ачылды
2021-жылдын 20-марты биздин мектеп учун чон жетишкендик болду.Себеби биздин окуучуларыбыз Сагынбеков Жолдош, Марат уулу Арзымат,Алымжан уулу Жакшылык,Табарбекова Акылжан,Туратбек уулу Умар,Тынчтыкбек уулу Манас,Муканбетова Рейналар тарабынан «Бир адамга бир китеп»долбооруна активдуу катышышып,айылдан спонсорлорду табышып китептерди чогутушуп окуу залын ачышты.Залдын ачылышына Бишкектен атайын лидер балдар келишип чогулган мугалимдер жамаатына,ата-энелерге,окуучуларга пайдалуу лекцияларды отушту.
Окуу залына жалпысынан эки миндей китеп чогулду.Андан сырткары айылдагы калемгерлерибиз ЖАНАЛИЕВ КАЧКЫН ,САПАРБЕКОВ МАЙРАМБЕК ЖАНА МАКСУТОВ БАКТЫБЕК АГАЛАРЫБЫЗДЫН ЖАНА АТТОКУРОВА АЙЫМКАН ЭЖЕНИН бурчтары уюшулуп,китептери коюлду.
Бул саамалык бизге жана окуучуларыбызга озгочо маанилуу.Себеби акыркы кундору китеп окууга кызыккандардын саны азайды.Залды ачууда негизги максат ошол залга окурмандарды табуу.Буюрса ар кандай конкурстарды отуу менен окуучуларды китеп окууга тарта алабыз деген ойдобуз.
Комментарии